Өлкөдө 27-сентябрдан 1-октябрга чейин “Digital week” санариптик өнүгүү жумалыгы өтөт. Ага бир катар иш-чаралар камтылган.
Алсак 27-28-сентябрда интернетти башкаруу боюнча форум, 29-сентябрда Кыргызстандын маалыматтык технологиялары, 30-сентябрда электрондук коммерция боюнча форумдар өтөт. Жумалыктын алкагында 1-октябрда боло турган Х эл аралык “Digital Fest 2021” форуму дагы бар.
Ал креативдүү экономиканын өнүгүшүнө, санарип продукциялардын экспортуна жана санариип бизнеске арналат. Кийинки аптада баштала турган иш-чараларга Борбор Азиядагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер, Facebook, Tik Ток, Uber, Яндекс, IBM сыяктуу жогорку технологиялык компаниялардын өкүлдөрү чакырылган.
Алар артыкчылыктуу багыттар боюнча тийиштүү маалыматтар менен бөлүшүп, өлкөнүн экономикасында маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн аныкташат. Ошондой эле катышуучулар маселелерди чечүү жолдорун дагы сунушташмакчы.