Жаңылыктар
Малина өстүрүп киреше тапкан багбандар
Кыргызстан жаңылыктары
Малина өстүрүп киреше тапкан багбандар

Баткен облусунун Кадамжай району малинанын мекени. Быйыл райондо малина талаасы 50 гектарга көбөйгөн. Учурда багбандардын ак эмгегинин акыбети кайтып, киреше таап турган кези. Малинанын түшүмү да ойдогудай мол болду. Малина ички базарларга жана кошуна өлкөлөргө чейин сатылат. Өткөн жылы Россияга 160 тонна малина экспорттолгон.

Жылдыз Мамытова 10 жылдан бери малина өстүрүп, аны сатып, оокат кылат. Анын аркасы менен үй-бүлө кирешесин толуктап, ак эмгегинин акыбети кайтып жатканын айтат. Быйыл болсо малинанын түшүмү мол болуп, базар баасы да жылдагыга салыштырмалуу кыйла жогору. 

Бул Ош-Баткен-Исфана жолу. Бул жер жылда малина бышкан маалда базарга айланат. Жол аркылуу каттагандардан тышкары Ош, Жалал-Абад облустарынан да келип малина сатып алып кеткендер кардарлар көп. Мындан улам багбандар аймакка логистикалык борбор салынып, муздаткычтар орнотулуп же кайра ишетүүчү ишкана ачылса малинаны ортомчусуз түз сатыкка чыгаруу ниетинде.

Кадамжай районунун климаты малина өстүрүүгө ыңгайлуу болуп, жылдан жылга малина аянттары кеңейүүдө. Өткөн жылы эле 200 гектар жерге малина айдалса, быйыл дагы 50 гектарга көбөйгөн.