Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын Чаңкая муниципалитетинин башчысы Алпер Ташделен менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Анкаранын Чаңкая районунда жашап, иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле Чаңкая аймагында Кыргызстан атындагы парк ачып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюстун тургузуу тууралуу макулдашылды.