Жаңылыктар
"Кумтөр": Мамлекеттик комиссиянын иши узартылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр": Мамлекеттик комиссиянын иши узартылды

“Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы маселелерди иликтеген мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы 3 айга узартылды. Анткени Кумтөр кени менен канадалык компаниянын тиреши көпкө созулчудай болуп турат. Нью-Йоркто 15-сентябрда болгон соттук отурума канадалык компаниянын кыргыз өкмөтүнө Кумтөр кени боюнча санкция салуу өтүнүчү жактырылган жок. Кийинки соттук териштирүү октябрь айына белгиленген. Кийин Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу чечимин кабыл алса, абал кандай жакка өзгөрүшү мүмкүн кабарчыбыз Айжан Омолдошова жооп издеген.