Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия Королун Биригүү күнү менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия Королун Биригүү күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Улуттук майрамы – Королдуктун Биригүү күнү менен куттуктады. 

 «Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы өз ара ишенимге негизделген достук мамилелери, буга чейин түзүлгөн ынак карым-катнашы эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем.

Сизге  жылуу каалоо-тилектеримди арноо менен чың ден соолук, узун өмүр жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми бир тууган Сауд Арабия элине тынчтык жана өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында. 

Президент Садыр Жапаров ушундай эле куттуктоосун Сауд Арабия Королдугунун Мураскер ханзаадасы, Премьер-министрдин орун басары, коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Саудга да жолдоду.