Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Кыргыз тили жана элдер достугу” аталышындагы иш-чара өттү. Майрамдык саамалык Мамлекеттик тил күнүнө жана Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов менен Кусейин Карасаевдин 120-жылдыгына арналып уюштурулган.
Иш чаранын катышуучулары кыргыз тилин өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулап, бул багытта жасалып аткан аракеттерге токтолушту. Анда Кыргызстандын көп улуттуу калкынын орток тили катары, кыргыз тили ар дайым баштапкы орунда болушу абзел экени айтылды. Бул үчүн мектеп курагынан баштап кыргыз тилин үйрөтүүнүн ыкмаларын күчөтүп, заманбап усулдук ыкмаларды колдонуу менен анын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана балдардын тилге болгон кызыгуусун арттыруу учур талабы экени белгиленди.
Иш-чара Каракол шаарында жашаган көп улуттуу элдердин достугун даңазалаган концерттик программа менен коштолуп, тамак аш көргөзмөсү өттү. Анда орус, татар, дунган, өзбек, кавказ, кыргыз жана башкалардын улуттук ашканаларынын даамдары коюлуп, саамалыктын көркүн ачты. Ошондой эле быйыл мааракелери удаа келген, улуу инсандардын кол жазмаларынын жана сүрөттөрүнүн көргөзмөсү да өттү.