Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 4 социалдык обьектке 112 миң сом Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан чегерилди.
Уюмдун Таластагы кеңсесинен билдиришкендей Бакай-Ата районундагы айыл өкмөттөрдүн басымдуу бөлүгү Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна катталып, жылына айыл өкмөттөрдүн карамагындагы социалдык обьектилерди камсыздандыруу үчүн тийиштүү каражаттарды төлөп турат. Быйыл июнь айындагы катуу шамал, сел сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан Бакай-Атада турак жайлардан тышкары, социалдык обьектилер дагы талкаланган.
Анын ичинде бала бакчалардын да имараты бар. Убагында айыл өкмөт бул имараттарды өздөрү оңдоп алганы менен, ага кеткен чыгымдарды Мамлекеттик камсыздандыруу уюму төлөп берди. Каражатты алуу үчүн колдоруна сретификаттар берилди. Буга чейин турак-жайларын камсыздандырып койгондорго да сертификаттар тапшырылган.