"Центерра Голд" компаниясынын жетекчилиги Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулуктун алдында фактыларды бурмалап жаман көрсөтүүнү улантып жатат.
"Центерра Голд" компаниясы "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн ар кандай кадамдарга барат. Мында пикирин vb.kg сайтына академик Жамин Акималиев билдирген. Азыркы тапта иштеп жаткан кызматкерлер үчүн геотехникалык маалыматтар, мөңгүлөрдүн кыймылын көзөмөлдөп туруучу электрондук программаларды кулпулап салган. Документ иштери боюнча сакталган маалыматтар толук өчүрүлгөн. Программаларды иштетүү боюнча "Центерра" жетекчилигине кызматкерлер тарабынан бир нече кайрылууларга баш тартышкан.
"Центерра" жетекчилиги көп жылдар бою өлкөнүн коррупцияга баткан депуттарынын жана атка минерлердин арты менен мисал кылып айтсам "Кумтөр" 12,5 млрд доллар кирешенин 1,5 млрд долларын гана Кыргызстанга берип келген. Бул жагынан алып караганда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кадамы тарыхый мааниге ээ деди,-академик Жамин Акималиев.