Жаңылыктар
Юрист Андрей Красников Салык кодексине кирген негизги өзгөрүүлөр боюнча пикирин билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Юрист Андрей Красников Салык кодексине кирген негизги өзгөрүүлөр боюнча пикирин билдирди

Коомдук талкууга коюлган Салык кодексинин жаңы редакциясы коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Юрист Андрей Красников Салык кодексине кирген негизги өзгөрүүлөр боюнча пикирин билдирген. 

Айтымында Салык кодексин толуктоо учур талабы, себеби турмуш шарт абдан тездик менен өзгөрүп жатканын эске алганда мыйзам нормалары да эскирип жаңылоого муктаж болот. Анын үстүнө иш ыргагы санариптик технологиялар менен түздөн-түз байланышкан соң өзгөртүү-толуктоо киргени туура деп эсептейм деген Андрей Красников. 

Учурда Россиия Беларусь, Казакстан, Өзбекстан жана Израилде бардык каржылык төгүмдөрдөн убагында кутулбаган жарандар үчүн чет мамлекетке чыгууда чектөөлөр бар. Россияда 30 миң рублдан көп карызы барлар сыртка чыга албайт, Казакстанда алимент, коммуналдык тейлөөлөр жана насыясы бар жарандар кылдат текшерилет. Биз салыкты убагында төлөө маданиятын үйрөнүү менен мыйзам талаасында жашоого көнүшүбүз керек,-деп эсептейт юрист. 

Ал ошондой эле азыркы шартта коронавирус пандемиясынан кийин калк арасында да социалдык турмушта финансылык тартыштыктар болуп, мамлекеттик казынада да көйгөйлөр бар экенин эске алуу менен салыктын эки тарапка күч келбей турган орток стандартын колдонуу керектигин да айтып өткөн.