Президент Садыр Жапаров "Кумтөрдү" элге кайтарып берүү боюнча тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок. Мындай пикирин Президенттин алдындагы Башкаруу Академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев vesti.kg сайтына билдирген.
Саясат таануучу эмне үчүн дал ушул бийликтин учурунда "Кумтөр" маселеси көтөрүлгөнү тууралуу бир нече факторлорду атаган. "Мамлекет башчы буга чейин эле бир нече жылдан бери "Кумтөр" маселесин көтөрүп келген. Бул жолу алтын кенди элдин пайдасына чечилчүдөй келишимди кайрадан карап көрүүнү чечти. Аны менен катар өлкөнүн бардык бийлик бутактары чечимди кайра кароо боюнча ойлору дал келди. Буга чейин "Кумтөр" маселеси каралганда Жогорку Кеңеш колдобой койгон учурлар көп болгон.
Дагы бир фактор пандемия маалында дүйнө жүзү экология менен экономика канчалык маанилүү экенин сезди. Ошондой эле өлкө башчысынын тарыхый чечимди көтөрүп чыгууга эркинин жетиши жана эл колдоп берерине ишениши көп шектенүүлөрдү артка калтырды, - деп кошумчалаган Акматалиев. Ал арбитраждык сотто Кыргызстандын утуп чыгарына көп негиздер бар экенин да айтып өттү.