Жаңылыктар
"Кумтөр" боюнча канадалык инвесторлор баштаган маалымат чабуулу уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр" боюнча канадалык инвесторлор баштаган маалымат чабуулу уланууда

"Кумтөр" боюнча жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу канадалык инвесторлор баштаган маалымат чабуулу уланууда. 

Компания менен буга чейин түзүлгөн бардык келишимдер иликтенип, 2017-жылы канадалыктар менен дагы бир пайдасыз келишим түзүлгөн. Премьер-министр Сапар Исаков депутаттарды "Центеррага" каршы сотто утуп чыгуунун мүмкүн эместигине ишендиргени айтылууда. "Centerra Gold Inc." өкмөт май айында кенге тышкы башкарууну киргизгенден кийин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө каршы арбитраждык териштирүүнү баштаган. Бул маалыматтар vb.kg сайтына жарыяланды. Канадалыктар кыргыз тарап менен соттошууда айлана -чөйрөгө эбегейсиз зыян, мөңгүлөрдүн талкаланышы, УКМК тарабынан козголгон жетекчиликке каршы кылмыш иштери боюнча териштирүүгө туура келет. 

"Кумтөр" боюнча иштер дыкат иликтенип, экс-президент Аскар Акаев да бир катар суроолорго жооп берүү үчүн Кыргызстанга келип кеткени белгилүү. Ал эми "Centerra Gold Inc." жөн эле арбитраждык доо менен чектелбей, анын туунду компаниялары "Кумтөр Оперейтинг Компани" жана "Кумтөр Голд Компани" Нью -Йорктун Түштүк округунун банкроттук сотуна банкроттук процессин баштоо үчүн арыз беришкен. "Кумтөрдүн" бардык ишмердүүлүгү, активдери жана кызматкерлери Кыргыз Республикасында жайгашкан - деп жазылган vb.kg сайтына жарыяланган маалыматта.