Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен транспорт боюнча вице-мэр Русланбек Акылбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Борбор калаанын мэринин башка буйругу менен Таалайбек Орозов санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп дайындалды.