Жаңылыктар
УКМК: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты эки айга камалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты эки айга камалды

УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 22-сентябрдагы токтомуна ылайык, шектелүүчү 20-ноябрга чейин УКМКнын тергөө жайында кармалат. 

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылган.