«Кумтөр» тарабынан каржыланган эки фонддун жабылышы тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Кумтөр Голд» компаниясынан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Өкмөттүн токтому күчүн жоготту деп таанылды. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Президенттин Жарлыгын натыйжалуу ишке ашыруу жана Кыргызстандын экологиялык тутумун мындан ары карай өнүктүрүүнү камсыздоо максатында кабыл алынган.
Буга катар Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет бир айлык мөөнөттө айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргызстан жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду баалоо боюнча эксперттик комиссия түзүүсү тийиш. Ал эми «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» жана «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» жабылат деп бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт.