Өткөн аптада Нью-Йорктун соту кыргыз өкмөтүнүн "Кумтөрдөгү" тетиктерди алып келүү өтүнүчүн колдогон жок.
Ошол эле учурда "Центерранын" Кыргызстанга санкция салуу доосун да четке какты. Андан кийин Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы «Кыргыз алтын» ишканасын ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгарып салды.