Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында кийим тигүүчү фабрика ачылды. Жаңы ишканада 200 жумуш орду түзүлдү. Тигүү ишканасын ачууга жеке ишкерге мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлгөн.
Айыл элин жумуш менен камсыздаган ишкана Президент Садыр Жапаровдун ишкерлерди колдоо боюнча жарлыгынын алкагында ишке кирип отурат. Тигүү фабрикасынан өндүрүлгөн продукциянын 90 пайызы КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот.