Чолпон-Ата шаарында өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери катары тааныштырып, дарыканадан акча талап кылган Чүй облусунун тургуну кармалды.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматына Чолпон-Ата шаарында жайгашкан дарыканага өзүн УКМК кызматынын ыкчам кызматкери катары тааныштырып, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, ар кандай шылтоолор менен 5 миң сом акча талап кылып, алып кеткендиги боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул окуя Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза “Жасалма документ” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде 34 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалып, Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.