Жаңылыктар
Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү. Руслан Казакбаев Владимир Воронков менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү. Руслан Казакбаев Владимир Воронков менен жолукту

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин БУУнун Башкы катчысынын орун басары, Контртерроризм башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков менен жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун негизги максаты - коопсуздук, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, ошондой эле Афганистандагы окуялардын Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна тийгизген таасири боюнча талкуулар болду. Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстан БУУнун экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча программаларын колдой тургандыгын ырастады, ошондой эле Кыргызстандын 2017-2022-жылдарга карата Экстремизмге жана терроризмге каршы программасын ишке ашыруу үчүн өлкө БУУ менен эл аралык эксперттерди жана финансылык-техникалык жардамды тартуу боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.