Жаңылыктар
Султанбай Айжигитов: Президенттин “Кумтөргө” карата саясаты туура
Кыргызстан жаңылыктары
Султанбай Айжигитов: Президенттин “Кумтөргө” карата саясаты туура

Президент Садыр Жапаровдун "Кумтөргө" карата саясаты туура. Бул тууралуу Баткен облусунун мурдагы башчысы, атайын кызматтын ардагери Султанбай Айжигитов билдирди. 

Ал "Кыргызалтын" ишканасын Лондон баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы тарабынан ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу маселесине токтолуп, ал чечимден коркпой эле коюу керектигин белгиледи. Айтымында, алтындын өлкөдө кала бериши оң көрүнүш. Алтын металл эмес, финансылык актив экенин түшүнүү керек. 

“Алтын металл сыныктары катары сатылбастан, биздин финансылык жана акча системабызды чыңдоого багытталышы керек. Алтын - валюта резервдерин көбөйтүү зарыл, андан кийин акчанын көлөмүн көбөйтүүгө болот, бул акча тартыштыгын азайтат”,- дейт Султанбай Айжигитов. 

Мындан тышкары, өнүктүрүү фондун түзүп, алтынды күрөөгө коюу менен арзан жана узак мөөнөттүү кредиттерди тартууга боло турганын да кошумчалады.