Талас облусунун аймагында "Арсенал" рейддик иш-чаранын жүрүшүндө 22 ок атуучу курал жана 15 даана ок алынды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун аймагында облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен эл арасында мыйзамсыз сакталып жүргөн жана 2010-жылы апрель окуясынан улам жоголгон, уурдалган ок атуучу куралдарды кайтаруу максатында, жарандардын колдорунда мыйзамсыз сакталып жүргөн сайсыз жана сайлуу мергенчилик ок атуучу куралдарын өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча атайын рейддик иш-чара болуп өттү.
Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада милицияга 20 даана сайсыз, 2 даана сайлуу ок атуучу куралдар жарандар тарабынан өз ыктыяры менен тапшырылды.
Мындан тышкары, мыйзамсыз сактоодон 15 даана ок-дарылар алынды. Облус аймагында жалпысынан 680 мергенчи текшерилип, аларга карата ок атуучу куралдарды сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпы 24 административдик протоколдор түзүлүп, 7 даана ок атуучу куралдары алынды.
Ошондой эле 680 ок атуучу куралдардын ээлерине куралдарды туура колдонуу, сактоо жана коопсуздук эрежелери боюнча ар бирине милдеттемелер тапшырылды.