Жаңылыктар
“Кумтөргө” келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом күчүн жоготту
Кыргызстан жаңылыктары
“Кумтөргө” келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом күчүн жоготту

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандык кодексине “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына президенттин 2021-жылдын 5-майындагы №114 жарлыгына ылайык келтирүү, президенттин 19-марттагы №77 жарлыгын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчилике алып, министрлер кабинети токтом кылды. Ага ылайык, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылды.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттө айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду баалоо, тандоо боюнча эксперттик комиссия түзүү тапшырмасы коюлду. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлдү. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.