Кечээ, 20-сентябрда ИИМдин имаратында ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетовдун эл аралык эксперт Данил Барбу жана Данил Анатолий мырзалар менен жолугушуусу болуп өттү.
Жыйынга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги, милициянын полковниги Сталбек Рахманов, ИИМдин Маалымат технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Сүйүнбек Ниязбеков, ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун начальниги милициянын полковниги Нурлан Сагыналиев катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары күчөтүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Мындан тышкары эл аралык эксперттер Молдова Республикасынын Ички иштер министрлигинде сыналган "Уюштуруучулук жана функционалдык анализ жүргүзүү" деген темада презентация көрсөтүштү. Октябрь Урмамбетов жолугушууну жыйынтыктоодо, бүгүнкү жолугушуунун натыйжасында эки тараптын кызматташтыгынын мындан ары өнүгүшүнө жаңы импульс берерин баса белгилеп кетти. Ошону менен бирге Ички иштер министрлиги баардык багыттар боюнча иш алып барууга даярдыгын билдирди. Жолугушуу жылуу маанайда өттү.