Жаңылыктар
Кыргыз милициясынын генералы «Bishkek Half Marathon 2021» жарым марафонунда 1-орунду ээледи
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз милициясынын генералы «Bishkek Half Marathon 2021» жарым марафонунда 1-орунду ээледи

Кыргызстандын «Run the Silk road» марафон федерациясы тарабынан уюштурулуп, Бишкек шаарында өткөн «Bishkek Half Marathon 2021» жарым марафонунда отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов өзү курактагылар арасындагы 21.1 км аралыкта чуркоодо биринчи орунду ээледи. Ал 1 саат 47 мүнөт 35 секундда чуркап келген. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ал алтын медаль жана диплом менен сыйланды. Кыргыз милициясынын ардагери, милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов жарыштын профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр арасында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Ал 4 эл аралык деңгээлдеги марафондорго катышкан. Жашы 65те. Биздин генералга бекем ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат каалап, алдыда дагы спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерди жарата беришине тилектешпиз.