Жаңылыктар
Бала бакчалардын иши жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Бала бакчалардын иши жанданды

Бүгүндөн баштап бала бакчалардын иши кадимки ыргакта жанданды. Бишкек шаары боюнча 77 бала бакча балдарды кабыл алды. Мэриядан билдиргендей, тарбиячылардын 80 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшкөн.

Бишкектеги №113 бала бакча бүгүн 100гө жакын наристени кабыл алды. Балдарды кабыл алганга чейин бакчада анча чоң эмес ремонт иштери жүргүзүлгөн. Эң башкысы вирустан коргонуучу каражаттар камдалып, даярдык жакшылап көрүлгөн. Талап боюнча, тарбиячылар балдардын саламаттыгы тууралуу маалым катты текшерип, аларды короонун сыртынан өздөрү тосуп алышты. Себеби алгоритм боюнча, балдарын бакчага алып келген ата-энелердин ичкери кирүүсүнө тыюу салынган. 

Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин бала бакчалардын иши толук жанданды. Мурдагыдай ар бир топко ондон бөлүп кабыл алуу деген жок. Борбор калаадагы ар бир бала бакча санитардык-эпидемиологиялык станция текшергенден кийин гана иш алып барууга уруксат берилди. Мындан тышкары, бала бакчалардын кызматкерлеринин 80 пайызы COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү. 

Бүгүн Бишкек шаары боюнча 77 бала бакча ишин баштады. Билим берүү башкармалыгынан билдиргендей, эки бала бакчанын имаратында капиталдык ремонт иштери жүрүп жаткандыктан, алар 1-октябрда ачылат. Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерден эгер баласы ооруп калса, бакчага жибербөөнү суранат. Себеби бала бакчада коронавирус жуктуруп алган учур катталса, алар карантинге алынат. 

Ошондой эле, ата-энелер үйдөн балдарга өздүк гигиенаны, социалдык аралыкты сактоону үйрөтүп, балдарды бет кап менен камсыздоого жана аны туура тагынууну үйрөтүүгө тийиш экенин белгилешет.