Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы “Кыргызалтын” компаниясын ишенимдүү жеткирүүчү ишканалар тизмесинен чыгарганы убактылуу көрүнүш. Бул тууралуу Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, алтын кендин айланасындагы мындай жагдай күтүлгөн эле нерсе болгон жана кыргыз өкмөтү баалуу металлды сатуунун башка альтернативдүү жолдорун табуунун үстүндө иш алып барууда.
Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы “Кыргызалтын” ААКны ишенимдүү жеткирүүчү ишканалар тизмесинен чыгарганын тиешелүү товарды жетиштүү көлөмдө жана өз убагында жеткирүү талаптарын так аткарбаганына байланыштуу деп негиздеген. Чечимге ылайык, "Кыргызалтын" ишканасына таандык Кара-Балтадагы алтын аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймаларын убактылуу бир нече эл аралык компанияларга сатуу мүмкүнчүлүгү чектелет. Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров бул күтүлүп жаткан жагдай болгонун белгилеп, эл аралык ассоциациянын чечими тууралуу өз пикирин социалдык тармактарда жарыялады.
Ошол эле учурда, кыргыз өкмөтү өндүрүлгөн алтынды экспорттоо жана сатуунун альтернативдүү жолдорун карап жатат.
Ошондой эле, өкмөт азыркы учурда өлкөнүн зергерчилик индустриясын, жогорку сапаттагы өндүрүш базасын өнүктүрүү багытында иш алып барууда. Адистер алтын зергерчиликке сатылса, баасы да бир нече эсе кымбат болорун белгилешет. Андыктан азыркы абал баалуу металлдарды колдонгон жогорку технологиялуу өндүрүштөргө жана технологияларга көңүл буруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.
Бирок, эл аралык ассоциациянын чектөөлөрү убактылуу болгондуктан, адистер “Кыргызалтын” ишканасы жай айларында алтындын толук көлөмдө жетпей калганын себептерин так аныктап берип, мурдагы макамды кайрадан алса болорун белгилешет.
Ошол эле учурда, өндүрүлгөн баалуу металлды сыртка экспорттоо жана сатуу боюнча өкмөт бир катар альтернативдүү пландардын үстүндө иштеп жатат. Андыктан азыр эл аралык ассоциациянын чечимин негиз кылып дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок дешет -адистер.