УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылды. 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң АКШ долларынан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган.
2021-жылдын 20-сентябрында Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча алдамчылыкка шектелип кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.