Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБ мамлекеттеринин 2021-2022-жылдарга макроэкономикалык саясаты боюнча негизги көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тизмесин бекитти.
Бул жылына 4,5-5,5 пайыз экономикалык өсүшкө жетишүүгө мүмкүндүк түзүп, төрт багытка бөлүндү. Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу менен ишкердик активдүүлүктү калыбына келтирүү, инвестицияларды көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү, өндүрүш тармагында өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүүнү кароо, биримдиктин илимий, технологиялык жана өндүрүштүк потенциалын, ички рыногунун мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен өз ара пайдалуу мамилелерди кеңейтүү.
Кыргыз тараптан онлайн жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров катышты.