Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Азербайжандын элчиси Агалар Рахим оглу Атамогланов, Өзбекстандын элчиси Саидикрам Ниязходжаев жана Түркиянын элчиси Уфук Экиджи менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө элчи Дюшекеев кесиптештерине Кыргызстандагы ички саясий абал жана алдыда боло турган маанилүү саясий окуялар тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы тууралуу сөз болду. Ошол эле учурда тараптар Кыргызстан менен жогоруда аталган өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы мамилелер, кызматташуунун келечеги жана өз ара кызыкчылык жараткан башка маселелер боюнча пикир алмашты.