Жалал-Абад шаарында күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирд
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 1 млн 854 сом суммадагы ар кандай аталыштарда жана идиштердеги 6 миң 689 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынган.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМК башкармалыгынын кызматкерлери менен биргелешкен рейддик иш-чараларды жүргүзүшкөн. Бардык материалдар жана алынган алкоголдук продукциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн УКМКнын тиешелүү аймактык органына берилди.