Жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берүүнү убадалаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1989-жылы туулган Бишкектин тургуну шаардын айланасындагы жаңы конуштардагы жер тилкелерин трансформациялоо, документтерин мыйзамдаштыруу менен өзүнө материалдык пайда табуу максатында алдамчылык кылып келген.
Шектүү жаран Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Башкы прокуратуранын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу жана юрист катары тааныштырып, 5 адамдан жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп, акча каражаттарын алдоо жолу менен алган. 21 миң 500 доллар зыян келтирилгендиги аныкталган.
Аталган фактылар боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районун ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан “Алдамчылык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.