Социалдык тармактарда «Манас» аэропорту жакта унаа жарылгандыгы тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт, - деп айтылат Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында.
20-сентябрда болжол менен 02:30дар чамасында милициянын Сокулук райондук нөөмөт бөлүмүнө «Манас» аэропорту жакта унаа токтотуучу жайда унаа жарылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери жерине келген маалда кыска туташуудан улам «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кеткенин аныкташкан.
Бул факт боюнча милиция кызматкерлери унаанын ээси 1981-жылы туулган жарандан сурашканда, ал унаа кыска туташуудан улам өрттөнүп кеткендиктен эч кандай дооматы жок экенин айткан.