Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Лондон ассоциациясынын чечими жөнүндө билдирүү жасады
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Лондон ассоциациясынын чечими жөнүндө билдирүү жасады

“Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими жөнүндө учкай сөз”. Мындай билдирүүнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Facebook социалдык тармагына жазды. 

Жапаров Лондон баалуу металлдар биржасынын “Кыргызалтынды” ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен убактылуу чыгаруу чечиминин себептерин коомчулук менен бөлүштү. 

“Баары болжолдонгон сценарий боюнча болот. Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу. Жокко чыгаруу убактылуу гана иш. Башкача айтканда, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет. Канадалыктар Кыргызстандын элине, республиканын экономикасына жана экологиясына келтирген зыяны үчүн кечирим сурап, бардык жоготууларды кайтарып, тынч жол менен кетет деп эч ким күткөн эмес. Адеп баштаганда биз алтынды жеткирүүнүн жаңы каналдарынын үстүндө иштей баштаганбыз. Учурда да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча шарттар мурдагыдан начар болбойт деп айта алам. Ошондой эле, Нью-Йорктун банкроттук иштер боюнча соту 15-сентябрда Centerra Gold компаниясынын адвокаттарынын доо арызына "Кумтөр" кени боюнча Кыргызстандын өкмөтүнө айып пул салуудан баш тартканын да эстен чыгарбоо керек. Бул биздин туура жолдо бара жатканыбыздын дагы бир далили. Бизди ар кандай бирикмелерден четтете баштаганы экономикалык эркибизди көрсөтө баштаганыбыздан кабар берет. Биз экономикалык мекенчилдик жөнүндө сөз кыла алабыз. Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Албетте, кыйынчылыктар бар, алар болот, ансыз бир дагы бурулуш болбойт",- деп жазган Акылбек Жапаров.