Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин информатика жана математика факультетинде "Академик Мурзабек Иманалиевдин илимий мурастары" окуу залынын расмий ачылышы болду.
Иш-чара академиктин 90 жылдык юбилейине арналган. Мурзабек Иманалиев математикалык илимдин өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп, илимий-педагогикалык кадрларды даярдады. Анын илимий жетектөөсү менен 10 докторлук, 40 кандидаттык диссертация жакталган. Ал өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жигердүү катышып, Фрунзе шаардык кеңешинин эки жолку депутаты, Советтер Союзунун Жогорку Советинин 1979-1981-жылдардагы чакырылышынын депутаты, көп жылдар бою мамематика боюнча докторлук диссертация жактоо боюнча кеңешти жетектеген.
Агартуу тармагына кошкон эмгеги бааланып, Кыргызстандын Жогорку Советинин ардак грамотасы, I жана III даражадагы "Манас" ордени жана бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Академик 2017-жылы 86 жаш курагында көз жумган.