Жаңылыктар
Чоң-Кемин өрөөнүндөгү ири өрт толук өчүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Кемин өрөөнүндөгү ири өрт толук өчүрүлдү

Чоң-Кемин өрөөнүндөгү ири өрт толук өчүрүлдү. Бул туралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 7-сентябрь күнү Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кыргыз Ала-Тоосундагы Көк-Жар Борду коктуларында өтт чыккан. өрт 9-сентябрь күнү саат 17:50дө чектөөгө алынган. “Өрттү толук өчүрүүгө Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ошондой эле жергиликтүү тургундардан болжол менен 12 жаран, Токой чарба агенттигинен 20 кызматкер тартылып, өрттү толугу менен саат 18:45те өчүрүштү», - деп айтылат маалыматта.