Жаңылыктар
Алексей Филатов көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Алексей Филатов көз жумду

Бир катар телеканалдарда көңүл ачуучу программаларды алып барып жүргөн Алексей Филатов ооруканада улам көз жумду. Маалыматка караганда, шоумен бир нече күн мурун өпкөсү кагынып ооруканага жаткырылган. Абалы оор экени, атайын аппарат аркылуу дем алып жатканы кабарланган. Алексей Филатов КТРКдагы кыргыз-орус тилдеринде обого чыккан "Хит парад" программасынын алып баруучусу катары таанылган. Башка көңүл ачуучу программаларды, түрдүү оюн-зоок иш-чараларын уюштуруп жүргөн. Маркум быйыл декабрда 33 жашка толмок.