Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарында жашаган кыргыз диаспораларынын активисттери жана мекендештер менен кезектеги видеоконференциясын өткөрдү.
Жолугушууга Консулдук кызмат департаментинин, Тышкы миграция департаментинин, Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Аппаратынын Биринчи саясий департаментинин, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы Башкы консулдуктарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарында жашаган жана иштеп жүргөн мекендештерибиздин актуалдуу маселелерин жана көйгөйлөрүн талкуулоо онлайн жолугушуунун негизги максаты болду. Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстандын коомдук уюмдарынын лидерлерине, активисттерине жана өкүлдөрүнө кайрылып, алардын өлкөнүн экономикалык жана социалдык абалын жакшыртууга кошкон олуттуу салымын баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары республикабыздын башка өлкөлөр менен этностор аралык жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн көпүрөсү болуп кыргыз элинин тарыхын, салттарын, тилин жана маданиятын татыктуу көрсөтүп, биримдикти жана достукту чыңдоодо чоң ролун баса белгиледи.
Министр ошондой эле катышуучуларга чет өлкөдө бериле турган документтердин тизмесин кеңейтүү, аларды каттоонун мөөнөтүн кыскартуу, консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төмөндөтүү жана аларды санарип форматка толук которуу боюнча Министрлик менен Министрлер Кабинети тарабынан биргеликте жүргүзүлүп жаткан иши тууралуу маалымдады.
Алдыда мындай форматтагы жолугушуулар Россия Федерациясынын башка аймактарында, АКШда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жашаган мекендештерибиз менен улантыларын Казакбаев белгиледи.