Күнөстүү Ош облусунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо дээрлик жыйынтыкталды. Бышымчылыкты алгачкылардан баштап берген Кара-Сууда быйыл сабиз аянты көп болсо, тоолуу Чоң-Алай өрөөнүндө буудай, арпа көп себилген.
Базарынан жайы, кышы мөмө-жемиш, жашылча үзүлбөгөн Кара-Суулуктар мээнеткеч калк келет. Бир жылда эки ирет түшүм алуу кадимки көрүнүш. Төрт баланын энеси София Мамишева, июнда казып алган картошканын ордуна сабиздин уругун сепкен. Суук менен узак жолго чыдамдуу жашылча бир айдан кийин жыйнала баштайт.