Жаңылыктар
Москвада аралаш мушташ боюнча мелдеш өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада аралаш мушташ боюнча мелдеш өттү

Москвада аралаш мушташ боюнча мелдеш өттү. Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын эриш аркак кызматташуу жылына жана Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Турнирде кыргыз спортчулары жеңишке жетишишти.

Москвада арлаш мушташ боюнча эл аралык турнир өттү, ага 10 мамлекеттин спортчулары катышты. Уюштуруучулар бул иш-чараны Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнашты. Көрүүчүлөр 11 негизги беттешке күбө болушту, анын тогузу мөөнөтүнөн мурда аяктады.

Биринчи кармашта кыргызстандык Динара Жолчубай кызы менен молдовалык Марина Ника кез келди. Молдовалык спортчу кыз болгон күчүн көрсөтүп, жеңишти багындырды. Кыргызстандын спортчулары дээрлик бардык салмак категорияларында беттешке чыгышты.

Кыргызстандык Тынчтык Каныбек уулу менен орусиялык Никита Балтабаевдин беттеши кызыктуу болду. Экинчи раунддун аягында кыргыз спортчусу техникалык нокаут менен жеңишке жетти.

Аралаш мушташ турниринин негизги жана көптөн күткөн окуясы кыргызстандык Азиз Сатыбалдиев менен россиялык Асланбек Каровдун беттеши болду. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңиш бир добуштан кыргызстандык Азиз Сатыбалдиевге ыйгарылды.