Жаңылыктар
“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүүдө

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы жылытуу мезгилине карата даярдыктарды аяктоодо. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын жыйындар залында ишкананын директору Байымбет Байгараевдин төрагалыгы алдында бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда пландуу жыйын өттү.


Азыр ишкана отканаларынын күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча иштерди жыйынтыктоодо. Жыйында бөлүм жетекчилери аткарылган жана аткарылып жаткан иштер боюнча отчет беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында, директор жетекчилерге ишти пландаштырууга жоопкерчилик менен мамиле кылууну жана иште кайчылаштыкты жаратпоо үчүн сатып алуу боюнча сунуштарды өз убагында аткарууну тапшырды.


Ошондой эле, пландалган иштерди ийгиликтүү аяктоо үчүн техникалык коопсуздукту милдеттүү түрдө сактоо менен жер-жерлерде иштеп жаткан кызматкерлердин иш графигин кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди.