Ушул тапта кыш мезгилине карата даярдык кызуу жүрүүдө. Калкты үзгүлтүксүз электр энегиясы менен камсыздоо максатында комплекстүү иш-чаралар мерчемделген. Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстандан товар алмашуу шарты менен электр энергиясы алынууда.
Ушул күндөрү Ленин менен Свердлов райондорунда чубалгыларат алмаштырылып жатат. Буга байланыштуу бул чөлкөмдөрдө эрте мененки саат 9дан кечки 5ке чейин убактылуу жарык өчүрүлүүдө. “Түндүк электр” ишканасынын жумушчулары “Көк-Жар” көмөк чордонунан тараган токту өткөрүүчү зымдарды жаңысына алмаштырууда.
Аталган райондордо быйылкы жылдын эсебинен жалпысынан 12 миң чакырым чубалгы алмаштырылат. Адистер мерчемделген пландын негизинде 3 чакырымында иштер аткарып бүттү. Бул иштер шамал болсо эле жарык өчмөй деген көйгөйгө чекит коюлат-дейт.
Энергетика министрлигинде тиешелүү мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, анда күз-кыш мезгилине карата камылга талкууланды. Аймактарда кошумча жылытуу жайларын куруу иштери жүрүп жатат. "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын төрагасы Талайбек Байгазиевдин айтымында оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштери суук түшкөнгө чейин уланат.