Жаңылыктар
Бел боо күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстандын курамасы 8 медаль жеңди
Кыргызстан жаңылыктары
Бел боо күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстандын курамасы 8 медаль жеңди

КМШ оюндарынын алкагында бел боо күрөшү боюнча кыздар жана өспүрүмдөр арасындагы мелдеште Кыргызстандын курамасы 8 медаль жеңди. 

Бир алтын, беш күмүш жана эки коло. Кыздар арасында 76 кг салмактан жогоркулар арасында Айжан Анарбекова күмүш байгенин ээси болду. Ал эми өспүрүмдөр арасында 100 кг салмак категорияда Нурманбет Раймалы уулу мелдештин чемпиону болду. 

Калысбек Кайымов, Хабибулло Тынчтык уулу, Дастан Акылбеков жана Баяман Мыктыбеков күмүш медаль тагынды. Ошондой эле 100 кг жогорку салмактагылар арасында Арсланбек Турдубеков жана 57 кг салмакта Кенжебай Нарынбай уулу коло байгенин ээси болушту.