Эгемендүүлүктүктүн 30 жылдыгы менен Кыргызстандын элин жана өлкө президентин бир катар өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттуктады. Өлкө башчыларынын куттуктоосунда демократиялуу өлкө катары 30 жылдык тарыхты башынан өткөргөн кыргыз элине бакубат жашоо, бейпил турмуш жана эртеңки келечекке ийгиликтер айтылды. Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Беларусиянын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын президенттеринен сырткары бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери да жеке куттуктоолорун жолдоду.