Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан уланып жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында эл аралык террористтик уюмдардун активдүү мүчөсү, 1983-жылы туулган Кыргызстан жараны кармалды.
Такталган маалыматка ылайык, кармалган адам 2019-жылы Эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүлүштөрүнүн тарабында куралдуу чыр-чатакка катышуу максатында Кыргызстандан чыгып кеткен жана куралдуу чыр-чатактар зонасына өтүүнү пландаштырган. Афганистандагы өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган эл аралык террористтик уюмунун лидерлеринин тапшырмасы менен Кыргызстанда террористтик мүнөздөгү иш-аракеттерди уюштурууну пландаштырган.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана сот органдарынын чечими менен кармалган адам Баткен облусунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан ал жарандын кылмыштуулукка байланышкан иштерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө комплекстүү иш-чаралар уланууда.