Баткен облусунда 233 мектеп жаңы окуу жылына карата оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү. Ал эми мугалимдердин 80 % коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Аны менен катар билим уяларында санитардык эрежелерди сактоо үчүн акыркы даярдыктар көрүлүүдө. Аймактык кабарчыбыз жаңы окуу жылында мектептердин кадимки тартипте иштөөсүнө түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып келди.