Илимпоздор - коомдун күзгүсү. Алар ачылыштарды жасап, өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң жол ача алышат. Илимий эмгектери үчүн медицина, техника тармагындагы 9 окумуштууга Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Илимпоздор төш белгилер менен кошо Мамлекет башчысынын колунан 250 миң сомдук сертификаттарды алышты. Президент окумуштууларды алган наамдары менен куттуктап, илимдеги ийгиликтер көптөгөн маңдай тердин, тынымсыз изденүүнүн натыйжасында гана келээрин баса белгиледи.