Мобилдик калкты тейлөө борбору көрсөткөн кызматтардын баасы арзандады. Буга чейин жарандар көрсөтүлгөн кызмат үчүн 1616 сом төлөсө, азыр анын баасы 988 сом болду. Бул биринчи кезекте жарандар үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондой эле, жеринде документтештирүү кызматтары менен бирге эле жарандар санарип электрондук кол тамгасын да акысыз ала алышат.