Жаңылыктар
Сугат суунун тартыштыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Сугат суунун тартыштыгы

Талас облусунда төө буурчак менен көп жылдык чөп талаалары кезектеги жолу сугарылууда. Дыйкандардын айтымында, былтыр бул убакта суу кенен келип, буурчактар бешинчи ирет сугарылса, быйыл кургакчылыктан суу тартыш. Мындан улам сууну үнөмдүү пайдалануу максатында атайын график түзүлүп, дыйкандар кезек менен сугарып жатышат. Быйыл суунун өзөндөргө келиши да аз. Суугат суунун тартыштыгын пайда кылган себептердин дагы бири кокту-колоттордогу бош жаткан жерлерди өздөштүрүү жылдан жылга көбөйдү. Бул көрүнүш аймактагы канал, арыктардын санын, көлөмүн кеңейтүү маселесин көтөрүп жатат.