Президенттин Администрациянын жана ишкерлер кеңешенин өкүлдөрүнүн бизнес чөйрө менен жолугушуусу Ош облусунун алыскы тоолуу аймактарында улантылды. Жергиликтүү бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен болгон эки күндүк пикир алышууда элеттик ишкерлер өндүрүш үчүн бериле турган насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү, жерди трансформациялоо, банк кызматын пайдалануудагы ашыкча убаракерчиликтерди азайтуу маселелерин козгошту.