Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, эми жол эрежесин бузган айдоочулар колдоруна токтом тийгенден тартып, 1 айдын ичинде айыптын өлчөмүн 70 пайызга азайтып төлөй алышат. Натыйжада төлөм 300 сом болот.