Жаңылыктар
ӨКМ: Ош облусунун Кара-Суу районундагы бир нече айылда сел жүрдү
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Ош облусунун Кара-Суу районундагы бир нече айылда сел жүрдү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы бир нече айылда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

4-август күнү саат 18:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел, Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарын каптаган. 

"Селдин кесепетин жоюу үчүн ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчылары жана 27 кишиден турган ыкчам топ тазалоо иштерин жүргүздү. Кара-Сөгөт айылында сел бир үйдү жарып кирген. Бактыга жараша, ал үйдө жашаган алты адам жабыркаган эмес", — деп айтылат маалыматта. ӨКМ суу айылдардагы жолдун бир топ жерин жеп кеткенин, бирок каттам бар экенин кошумчалады.